Ирактын түндүгүндө сержант Режеп Парлак шейит болду

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер шейит Парлак үчүн көңүл айтты.

2047363
Ирактын түндүгүндө сержант Режеп Парлак шейит болду

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында террористтер тарабынан жасалган кол салууда жараланган жөө аскер сержант Режеп Парлак шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Парлактын «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында2023 -жылы30 -сентябрдатеррористтер тарабынан жасалган кол салууда жаракат алып ооруканага жаткырылгандыгы белгиленип,булар айтылды : «Баатыржөө аскер сержант Режеп Парлак дарыланып жаткан ооруканадабардык жардамдарга карабастан 5 -октябрь күнү шейит болду.Бизди терең кайгыга салган шейитибизге Аллахтын ырайымын, кайгылуу үй- бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрүнө менен элибизге көңүл айтабыз».

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер да шейит Парлак үчүн көңүл айтты.

Бир тараптан Газиантепте жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнүн куугунтуктоосунан жараланган Сирия ыкчам тобунун улук башкы полиция кызматкери Хүсейин Шимшек шейит болду.

Газиантеп губернаторлугунан берилген маалыматка караганда Измир атайын операция башкармалыгынан Сирияга убактылуу дайындалган жана террордук уюмдун мүчөлөрүнүн кол салуусунда жарадар болгон улук полиция офицери Хүсейин Шимшек Газиантеп университетинин медицина факультетинин изилдөө ооруканасына алып барылган.

 



Тектеш кабарлар