Түрк элчиси Украинада 2 - даражадагы мамлекеттик ордени менен сыйланды

Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө Гүлдере жана Четинжевизди мамлекеттик орден менен сыйлагандыгын билдирди.

2046637
Түрк элчиси Украинада 2 -  даражадагы мамлекеттик ордени менен сыйланды

Түркиянын Киевдеги элчиси Ямур Ахмет Гүлдере Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан 2 - даражадагы мамлекеттик ордени менен сыйланды.

Украинанын президенттигинде  өткөрүлгөн аземде Зеленский Түркия менен Украинанын ортосундагы карым – катнаштарды чыңдоого, Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоого кошкон жеке салымы үчүн элчи Гүлдерени Украинанын 2 -  даражадагы мамлекеттик Ардак ордени менен сыйлады. 

Өзгөчө Онур Групптун башкаруу кеңешинин төрагасы Онур Четинжевизге да согуш учурунда Украинадагы долбоорлорун уланткандыгы үчүн 2 - даражадагы Ардак ордени тапшырылды.

Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө Гүлдере жана Четинжевизди мамлекеттик орден менен сыйлагандыгын белгилеп : "Түркия өкүлдөрүнүн (2022 - жыл  24 -  февралда Россия менен) кенен масштабдуу согуш башталганда Украинада болууларына абдан чоң маани берип жатабыз. Өлкөбүздө дипломатиялык кызматын акырына чыгарган элчи Ямур  Ахмет Гүлдереге Украина менен Түркиянын ортосунда күчтүү карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө кошкон салымынан улам ыраазычылык билдирем",- деди. 

Украинада  1 - 2 - 3 -  даражадагы мамлекеттик ардак ордени экономика, илим, маданият сыяктуу тармактарга салымын кошкон кишилерге берилүүдө. 

 



Тектеш кабарлар