ФЕТӨ мүчөсү Вурал Түркияга алып келинди

ФЕТӨнүн багыттоосу менен   Тажикстанга барган жана уюмдун ичинде түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген Вурал, Орто Азия жана Тажикстандагы уюмдун  иштерин уюштургандардын арасында.

2046746
ФЕТӨ мүчөсү  Вурал Түркияга алып келинди
feto kacis.jpg
feto koray vural.jpg

Улуттук Чалгындоо Уюму  террордон  издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде "кызгылт сары" категориясында болгон жана "куралдуу террордук уюм Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) мүчө болуу"  менен издөөдөгү  Корай Вуралды Тажикстанда кармап, Түркияга алып келди.

ФЕТӨнүн багыттоосу менен   Тажикстанга барган жана уюмдун ичинде түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген Вурал, Орто Азия жана Тажикстандагы уюмдун  иштерин уюштургандардын арасында.

Тажикстанда жүргөндө АКШнын Пенсильвания штатына бат-баттан барып, ФЕТӨнүн лидеринен көрсөтмө алган Вуралдын качкын ФЕТО мүчөсү Эмсал Коч Түркияга алып келингенден кийин Тажикстандан качуу пландарын түзгөндүгү аныкталды.

Бир тараптан 11 ФЕТӨ мүчөсү АКШ желектүү Galxy аттуу моторлуу яхта менен чет өлкөгө мыйзамсыз түрдө качып баратканда Мармаристин Бозбурун жээктеринде Жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалды.

Шектүүлөр Мугла облустук полиция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар