«The Times» гезити Түркиядан Фетхиени тандады

«The Times» гезити «Октябрь айында пляж эс алуусу үчүн эң мыкты жерлердин» тизмесин жарыялады.

2046013
«The Times» гезити Түркиядан Фетхиени тандады

«Times» гезити, октябрь айында эң мыкты 10 туристтик жердин арасында экинчи орунга Мугланын Фетхие районун көрсөттү.

Фетхие муниципалитетинин билдирүүсүндө, "Best places for a beach holiday in October" деген ат менен «Октябрь айында пляж эс алуусу үчүн эң мыкты жерлердин» тизмесин жарыялаган «The Times» гезитинин Түркиядан Фетхиени тандаганы белгиленди.

«The Times» гезити "Бюджетине көңүл бурган саякатчылардын арзан баадан пайдалануу үчүн идеалдуу мүмкүнчүлүк" деген макала менен бөлүшкөн тизме болсо төмөнкүчө:

"Ибица (Испания), Фетхие (Түркия), Мальта, Занзибар (Танзания), Гоа (Индия), Кейптаун (Түштүк Африка), Алгарве (Португалия), Ямайка, Тулум (Мексика), Крит (Греция)"



Тектеш кабарлар