Элчи Сердар Кылыч : "География боюнча билим алууңуз керек"
Элчи Сердар Кылыч Франциянын Тышкы иштер министри Кэтрин Колоннанын Арарат тоосунун сүрөтүн колдонуу менен жарыялаган постуна байланыштуу : "География боюнча билим алууңуз керек",- деди.
Элчи Сердар Кылыч Франциянын Тышкы иштер министри Кэтрин Колоннанын Арарат тоосунун сүрөтүн колдонуу менен жарыялаган постуна байланыштуу : "География боюнча билим алууңуз керек",- деди.
Түркиянын Армения нормалдашуу процессинин атайын өкүлү, элчи Кылыч Колоннанын Х соцтармагынан берген билдирүүсүнө шилтеме кылып, каршылык көрсөттү. Кылыч : "Урматтуу министр ал сүрөттөгү Арарат тоосу Түркия чектеринин ичинде жана Түркиянын бөлүнгүс бир бөлүгү. Сиз бара турган өлкөңүздү чаташтырдыңыз же география боюнча билим алууңуз керек",- деди.
Сердар Кылыч бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө : "Кылган мамилеси менен аймакта 30 жылдан бери тынчтыктын түзүлө албашына себеп болгон бир өлкөнүн Тышкы иштер министринин эми ушундай чагымчылдык менен аймактагы нормалдашуу аракеттерине зыян келтиришинен тынчсыздандым",- деди.
Колонна постунда "Арменияга кайтып келдим" деген сөздөрдү колдонуп, Арарат тоосун камтыган сүрөттү бөлүшкөн.