Президент Эрдоган Мамлекеттик Кеңеште өткөн  аземде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган миңдеген баласы террордун курмандыгы болгон эл катары кандуу канкорлорго жасалган сабырдуу мамилени түшүнбөгөндөрүн айтты.

2045748

Президент Эрдоган Мамлекеттик Кеңеште өткөн  аземде сүйлөгөн сөзүндө жикчил террордук уюм ПКК террористтеринин дем алыш күнү борбор шаар Анкарада жасаган бомбалуу кол салуусуна токтолуп, батыш өлкөлөрүн сынга алды.

Бардык тараптан агрессивдүү террордук уюм менен бетме  - бет экендерин белгилеген Эрдоган : "Террористтер жок кылынбаганда  өлкө тышына качып саясий баш калкалоочу болмок. Досторубуздан айыптоо менен бирге так кадамдарды таштоосун каалайбыз. Бизди тынчтандырган, террорду  эскерткен билдирүүлөрдүн жарабызды айыктырбай тургандыгы билиниши керек",- деди. 

Эрдоган папка толгон далилдерге карабастан  террористтердин лидерлерине карата "чет өлкөлөр тарабынан)  эч бир кадамдын ташталбагандыгын түшүндүрө албагандарын айтып : "Миңдеген баласы террордун курмандыгы болгон улут катары кандуу канкорлорго жасалган сабырдуу мамилени түшүнбөйбүз",- деди. 

Тектеш кабарлар