УКМ тарабынан Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга абадан операция жүргүзүлдү

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө террористтердин өздөрүн күтүп жаткан акырдан кача албай турганы баса белгиленди.

2044801
УКМ тарабынан Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга абадан операция жүргүзүлдү
ankara saldiri.jpg
pkk Ankara terör saldırısı hasan oğuz.jpg

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Метина, Хакурк, Кандил жана Гара аймактарындагы террор буталарына абадан операция жүргүзүлүп, арасында жооптуу террористтер да болгон 20 бута жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө террористтердин өздөрүн күтүп жаткан акырдан кача албай турганы баса белгиленип: «Биз бир түнү күтүүсүздөн алардын уяларына сокку урдук, сокку урууну улантабыз. Акыркы террорист жок кылынганга чейин бул күрөш бүтпөйт»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Ирак тууралуу төмөнкү маалыматтар берилди:«Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинен келип чыккан өзүбүздү коргоо укуктарыбызга ылайык, ПКК/КЖК жана башка террордук элементтерди таасирсиз кылуу менен Ирактын түндүгүнөн элибизге жана коопсуздук күчтөрүбүзгө каршы террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында , Ирактын түндүгүндөгү Метина, Хакурк, Кандил жана Гара аймактарында жайгашкан террордук буталарга 2023-жылдын 1-октябрында саат 21.00дө (Түркия) абадан операция жүргүзүлдү.

Абадан жүргүзүлгөн операциялары менен жикчил террордук уюм колдонгон жана жооптуу террористтерди да камтыган үңкүр, бункерлер, баш калкалоочу жай жана кампалардан турган жалпы 20 бута жок кылынды».

Билдирүүдө бул операцияда бейкүнөө жарандарга, достук элементтерге, тарыхый жана маданий байлыктарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чаралар көрүлгөнү баса белгиленди.

Бул арада ички иштер министри Али Йерликая Стамбул жана Кыркларелинде жикчил террордук уюмга каршы 26 даректе жүргүзүлгөн операцияларда 20 кишинин кармалганын билдирди.

Кечээ борбор калаа Анкарада Коопсуздук башкы башкармалыгынын алдында кол салууну уюштурган террористтердин биринин жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү «Канивар Эрдал» каймана аттуу Хасан Огуз экени аныкталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Берки террористти аныктоо аракеттери уланууда»,делди.



Тектеш кабарлар