Каймакчы ЕБге чакырык салды

Каймакжы Түркия-Европа Биримдиги карым-катнашындагы акыркы абал тууралуу басма сөзгө баа берди.

2045077
Каймакчы ЕБге чакырык салды

Түркиянын Европа Биримдигиндеги (ЕБ) туруктуу өкүлү, элчи Фарук Каймакжы, Европа Биримдигинде акыркы мезгилде кеңейүү тууралуу сөз болуп жатканда мүчөлүк үчүн эң баалуу талапкер өлкөнүн Түркия экени көз жаздымда калуусун «көз караштын жоктугу жана популизм» деп мүнөздөдү.

Каймакжы Түркия-Европа Биримдиги карым-катнашындагы акыркы абал тууралуу басма сөзгө баа берди.

Элчи Каймакжы Орусиянын Украинага кол салуусу, Түркия жана Грециядагы шайлоолордун артта калышы, Ковид-19дан кийинки мезгилдеги экономиканын калыбына келиши жана «жашыл жана санариптик трансформация» процесси сыяктуу факторлордун Түркия-Европа Биримдиги мамилелеринде жаңы аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн жаратканын айтты.

Каймакжы Европа Биримдигинин кеңейүү маселесин дагы бир жолу олуттуу түрдө карай баштаганын айтып: «Акыркы убакта талапкерлер же болочок мүчө өлкөлөр жана кеңейүү тууралуу сөз болгондо эс тутумда тандалмачылык бар экенин мезгил-мезгили менен көрүп жатабыз. Түркиянын атын атабай коюп ката кетиргендер да бар»,-деди.

Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк максатында чечкиндүү экенин баса белгилеген Фарук Каймакжы: «Мүчөлүгү эң баалуу болгон талапкер өлкө Түркия. Муну көрбөй коюу ЕБ үчүн чындап эле көз караштын жетишсиздиги жана популизм»,-деп өз баасын берди. Каймакчы: «Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында жандануу жана калыбына келтирүү мүмкүн. Октябр жана ноябрь айларында маанилүү сапарлар жана жолугушуулар пландалууда»,-деди.

Каймакжы диалог жолугушууларында Бажы биримдигин жаңылоо, визаны либералдаштыруу жана бул ишке ашканга чейин визаны жеңилдетүү маселелери талкуулана турганын айтты.

Элчи Каймакжы Евробиримдик менен алдыдагы апталарда өткөрүлө турган жолугушууларда миграция жана коопсуздук менен бирге террор менен күрөшүүнүн да кеңири талкуулана турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар