Эрдоган: «Террордук уюмдарга саясий эсептер үчүн моралдык колдоо көрсөтүүнүн жүгү абдан оор болот»

Президент Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) 28-чакырылыш 2-мыйзам чыгаруу жылынын Ачылыш жыйналышында Жалпы кеңешке кайрылуу жасады.

2044660
Эрдоган: «Террордук уюмдарга саясий эсептер үчүн моралдык колдоо көрсөтүүнүн жүгү абдан оор болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, операциялардын натыйжасында кырылып жаткан террордук уюмдарга  саясий эсептер менен моралдык жактан колдоо көрсөтүүнүн жүгү абдан оор болорун айтты.

Президент Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) 28-чакырылыш 2-мыйзам чыгаруу жылынын Ачылыш жыйналышында Жалпы кеңешке кайрылуу жасады.

Президент Эрдоган, 2016-жылдын 15-июлунда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш уюштуруучуларынын куралдарына каршы чыккан улуттун демократия күрөшүн жарандык конституция менен тактоого татыктуу болгонун белгилеп, Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы саясий партияларга: «Бул сагынычты кечиктирбейли»,-деп чакырык салды.

«Бүгүн эртең (борбор Анкарада) менен полиция бөлүктөрүбүздүн өз убагында кийлигишүүсүнүн натыйжасында эки кылмышкер жок кылынган акция террордун акыркы чабалактоосу»,-деп айткан президент Эрдоган:«Жарандардын тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч келтирген шылуундар максаттарына жеткен жок жана эч качан жете алышпайт. Операцияларыбыздын натыйжасында түз маанисинде кырылып жаткан террордук уюмдарга  саясий эсептер менен моралдык жактан колдоо көрсөтүүнүн жүгү абдан оор болот»,-деди.

Эрдоган ФЕТӨнүн бул өлкөдө кайра тирилбей турганы сыяктуу, ушуга окшош уюмдардын дагы жаңы чыккынчылыктарды жасоосу мүмкүн эместигин белгиледи.

Эрдогандын күн тартибинде Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн Түркияга карата бир жактуу мамилеси да орун алды.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөр, виза маселеси баш болгон адилетсиздиктеринен баш тартышса каталарын оңдой турганын баса белгилеген Президент, антпесе бул өлкөлөрдүн Түркиядан бир нерсе күтүү укугунан ажырай турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар