Баш калаа Анкарадагы теракт...

Бул тууралуу Ички иштер министри Али Йерликая билдирүү жасады.

2044574
Баш калаа Анкарадагы теракт...

Баш калаа Анкарада террордук кол салуу болду.

Ички иштер министри Али Йерликая, Коопсуздук башкы директорлугунун дарбазасынын алдына жеңил соода унаасы менен келген 2 террористтин бомбалуу кол салуу кылганын билдирди.

Окуяда 2 полиция кызматкеринин жеңил жараланганын белгилеген министр Йерликая: «Террорчулардын бири өзүн жардырса, экинчиси зыянсыздандырылды», - деп билдирүү жасады.

Анкаранын Башкы прокуратурасы окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Террорчуларды жана алардын артындагы күчтөрдү жок кылуу үчүн чечкиндүү күрөшкөн баатыр коопсуздук күчтөрүбүз менен мекемелерибиздин ар дайым жанында экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз»,-деп айтты.

Вице-президент Жевдет Йылмаз да социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Анкарадагы террордук кол салууну айыптап: «Биз көп жылдар бою күрөшүп келгенибиздин натыйжасында орногон тынчтык жана ишеним чөйрөсүн бузуу аракети эч кандай ийгиликке жетпейт»,- деди. 

Адилет министри Йылмаз Тунч да социалдык медиа эсебинен:«Бул кол салуулар Түркиянын терроризмге каршы күрөшүнө эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Терроризмге каршы күрөшүбүз дагы чечкиндүү түрдө уланат. Мындан эч ким күмөн санабашы керек»,-деп бөлүштү.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да кол салууда жарадар болгон полиция кызматкерлерине тез сакайып кетишин каалап: «Ички иштер министрлигибиздин өздүк курамына жана элибизге эң жакшы каалоолорумду билдирем. Терроризмге каршы күрөштү өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө:«Террордун Түркиянын саясатын долбоорлоосуна эч качан уруксат бербейбиз жана террорго каршы күрөштү бардык тармакта улантабыз»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик да:«Биз терроризмди айыптайбыз. Терроризмге каршы күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланат»,-деп билдирди.

Республикалык элдик партиясынын (CHP) төрагасы Кемал Кылычдароглу да:«Терроризм адамзатка каршы кылмыш. Кимден, кайдан чыкпасын, биз өлкө катары чогуу күрөшөбүз жана эч качан чыккынчылык амбицияларга жол бербейбиз»,-деп билдирди.

ИЙИ партиясынын төрайымы Мерал Акшенер да: «Кол салууну зыянсыздандырган баатыр полиция кызматкерлерине чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем жана жарадар болгон полиция кызматкерлерибиздин тез сакайып кетишин каалайм»,- деди.



Тектеш кабарлар