Греция : "Түркия чек арасында көпүрө курулат"

Греция менен Түркиянын чек арасындагы көпүрөнүн курулушу 2024 - жылы башталат.

2044463
Греция : "Түркия чек арасында көпүрө курулат"

Греция менен Түркиянын чек арасындагы көпүрөнүн курулушу 2024 - жылы башталат.

Грециянын тышкы иштер министринин Экономикалык дипломатия боюнча орун басары Костас Франгояннис "Parapolitika" гезитине берген маегинде Түркия менен болгон оң ​​карым - катнаштарга жана актуалдуу темаларга баа берди.

Түркия менен эки тараптуу карым – катнаштарда сезимтал темалардын козголбогонуна көңүл бурган Франгояннис, карым - катнаштардын «транспорт, экология, чакан жана орто ишканалар, туризм сыяктуу экономика жана соодада 29 тармакта өнүгүп жатканын» белгиледи.

Франгояннис позитивдүү күн тартибинин алгачкы үч жылында эки тараптуу сооданы жеңилдетүү, туризмди жандандыруу жана жарандык коргонуу тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдардын жасалганын белгиледи.

Франгояннис президент Режеп Таййип Эрдоган менен Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакистин Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында  болгон жолугушуусунда эки тараптуу карым – катнаштарда оң маанайды сактоо боюнча макулдашкандарын эске салып : "Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар менен Нью -  Йоркто  абдан маанилүү жыйын өткөрдүк. Орток максатыбыз 7 - декабрда Салоникиде боло турган Саммитте айрым иш-чаралар боюнча меморандумдарга жана келишимдерге кол коюу.",- деди.

Климаттык кризис жана мыйзамсы  миграция тармагында кызматташтыктын маанилүү экенин белгилеген Франгояннис Түркия менен Грециянын ортосундагы «тынчтыкты» улантууга оптимисттик көз карашта экенин да белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар