TRT World тарткан даректүү тасма Эмми сыйлыгын алды

TRT World тарткан даректүү тасма Эл аралык Телекөрсөтүү искусствосу жана илимдер академиясы тарабынан берилүүчү Эл аралык Эмми сыйлыктарынын «Кабарлар жана актуалдуу окуялар» категориясында миңдеген чыгарылыштардын арасынан сыйлыкка татыктуу деп табылды.

2043436
TRT World тарткан даректүү тасма Эмми сыйлыгын алды

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) дүйнөнүн эң престиждүү теле сыйлыгы Эммиге ээ болду.

TRT World тарабынан даярдалган сыйлыкка ээ болгон «Оff the Grid» даректүү сериалынын Украинада тартылган «Украина согуш күндөлүктөрү» бөлүмү Эл аралык Телекөрсөтүү искусствосу жана илимдер академиясы тарабынан берилүүчү Эл аралык Эмми сыйлыктарынын «Кабарлар жана актуалдуу окуялар» категориясында миңдеген чыгарылыштардын арасынан сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Сыйлыкты Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында өткөн аземде даректүү тасманын продюсерлери Моухсин Эннаими жана Александра Паулиат алды.

Сыйлык тапшыруу аземине катышкан ТРТнын башкы директорунун орун басары Өмер Фарук Танрыверди өз сөзүндө: «Албетте сыймыктанабыз жана кубанычтабыз. Алган бул сыйлык TRT World эл аралык журналистика жана берүү тармагында жеткен чекиттин далили. Off The Grid командасы баш болгон салым кошкон бардык досторубузду куттуктайм»,-деди.

TRT World каналынын координатору Бора Байрактар ​​төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады: «Бул сыйлык биринчиден TRT World биздин мекеменин канчалык ийгиликтүү экенин, эл аралык стандартта берүүлөрүн жасаганын жана журналистикасын эл аралык стандартта жүргүзөрүн көрсөттү. Башкача айтканда, бул Америкадагы телекөрсөтүүдөгү эң чоң сыйлык. Биринчи жолу Түркияда чыгарылган даректүү тасма бул сыйлыкка ээ болду. Бул жагынан абдан сыймыктанабыз».

Моухсин Эннаими жана Александра Паулиат тарабынан даярдалган жана Хакан Хожаоглу тарабынан тартылган даректүү тасма Украинадагы согуштун кыйратуучу жүзүн көрүүчүлөргө таң калыштуу түрдө тартуулоо менен бирге Украинадагы орус аскерлеринин чегинүүсү менен жарандардын жашоосундагы өзгөрүүгө да көңүл бурат.



Тектеш кабарлар