Өнал: «Түркия террордук коркуунчтарга каршы өзүн коргоо укугун колдонууну улантат»

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн Сирия сессиясында сөз сүйлөдү.

2043305
Өнал: «Түркия террордук коркуунчтарга каршы өзүн коргоо укугун колдонууну улантат»

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал Түркиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык, Сириядагы террордук уюмдардын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз жана жакын арада келе турган коркунучтарга каршы өзүн коргоо укугун колдонууну уланта турганын билдирди.

Өнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн Сирия сессиясында сөз сүйлөдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун 78-Башкы Ассамблеясында лидерлердин эл аралык тынчтык жана коопсуздукка таасир эткен маселелерди талкуулаганын, бирок 12 жылдан бери уланып келе жаткан Сирия кризисине керектүү артыкчылык берилбегенин белгилеген Өнал, Сирияда «активдүү кагылышуунун» дагы эле уланып жатканын жана коомдун терең экономикалык жокчулукка жана гуманитардык кризиске туш болуп, февраль айында болгон жер титирөө кырдаалды ого бетер оорлотуп жибергенин түшүндүрдү.

Кагылышуу башталгандан бери жүз миңдеген адамдын өмүрү кыйылганын жана миллиондогон адамдын үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгилеген Өнал : «Бирдей тынчсыздандырган дагы бир жагдай бул өлкөнүн жеринин бүтүндүгүнүн ПКК/ЙПГ баш болгон террордук уюмдар тарабынан коркунучта болушу»,-деди.

Сирия кризисинин комплекстүү чечилиши үчүн бир убакта ташталышы керек болгон кээ бир кадамдар бар экенин белгилеген Өнал: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясына ылайык саясий процессти жандантуу, Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо үчүн террордук уюмдардын жамандык жана жикчил күн тартибин бузуу, сириялык качкындардын коопсуз, ыктыярдуу жана татыктуу кайтып келиши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү»,-деп тизмеледи.

Сирияда террордук уюмдардын бар болушунун өлкө үчүн да, өзгөчө Түркия жана аймак үчүн да чоң коркунуч туудурганын белгилеген Өнал : «Бардык тараптарды комплекстүү жана узак мөөнөттүү мамиле менен Сириянын келечегинде орду жок бул жикчил түзүлүштөр менен байланыштарды үзүүгө чакырабыз»,-деди.

Элчи Өнал: «Түркия Сирияда ыпылас иштерди кылган террордук уюмдар тарабынан улуттук коопсуздугуна түздөн-түз жана жакын арада коркунуч туудурган коркунучтарга каршы керектүү чараларды көрүү укугуна ээ. БУУнун Уставынын 51-беренесине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык Түркия өзүн коргоо укугун колдонууну улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар