Министр Йерликая: "42 миң 875 мыйзамсыз мигрант депортацияланды"

Министр Йерликая борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2043487
Министр Йерликая: "42 миң 875 мыйзамсыз мигрант депортацияланды"

Ички иштер министри Али Йерликая 1-июндан 22-сентябрга чейин 42 миң 875 мыйзамсыз мигранттын депортацияланганын айтты.

Министр Йерликая борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Йерликая кызматка киришкен июнь айынын башынан 22-сентябрга чейин 97 миң 363 мыйзамсыз мигрантты кармашкандарын жана алардын 42 миң 875ин депортация кылгандарын билдирди.

Мыйзамсыз мигранттардын негизинен Ооганстан, Пакистан, Өзбекстан жана Иран чек араларынан келгенин айткан Йерликая, Мобилдик миграция пункту режимин Стамбулда ишке киргизгендерин жана ийгиликтүү болгондорун белгилеп: «1-октябрда Бурса, Адана, Измир жана Анкарада Мобилдик Миграция пункту режимин баштайбыз. 1-ноябрдан тарта бул унаалардын санын 153кө жеткирип, бир эле учурда 30 чоң шаарда аткарабыз жана 1-декабрдан тарта Түркиянын бардык аймагында ишке ашырыла баштайт»,-деди.

Грециянын миграция жана башпаанек министри жана Болгариянын ички иштер министри менен өткөн аптада чек ара коопсуздугу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш темасында телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген министр Йерликая, Болгариянын ички иштер министри Калин Стояновдун 10-октябрда Түркияга келе турганын, Грециянын миграция жана башпаанек министри Димитрис Керидистин сапарынын датасы болсо азырынча тактала электигин айтты.



Тектеш кабарлар