ТЕКНОФЕСТ Измир каалгаларын ачты

Измирде быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн TEKNOFEST Чигли аэропортунан башталды.

2042939
ТЕКНОФЕСТ Измир каалгаларын ачты

Түрк технология командасы фонду (T3) менен Өнөр жай жана технология министрлиги  биргеликте уюштурган авиация, космос жана технология фестивалы ТЕКНОФЕСТ Измир каалгаларын ачты.

Измирде быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн TEKNOFEST Чигли аэропортунан башталды.

1 - октябрга чейин созула турган фестивал, Түркиянын «улуттук технология экосистемасында» роль ойногон министрликтер, президенттер, мамлекеттик жана жеке сектор уюмдары, академиялык мекемелер жана медиа компаниялары болгон 121 мекеменин катышуусунда өткөрүлүүдө.

Фестивалда Түрк жылдыздары, Байрактар ​​Акынжы, Анка, Байрактар ​​ТБ2, Ф-16 Солотүрк, Хүркуш, С-70 (Болот канат), БЕЛ-429 (Жүзүм шиңгили), Парамотор, Гирокоптер, Т-129 АТАК тик учагы, Караван (Парашют менен секирүү) менен асманда кызыктуу шоуларды тартуулашат жана биринчи учуу  студенттер менен ишке ашат.

Фестивалдын алкагында «Сахна сеники» көрсөтүүсү  менен музыка сүйүүчүлөр да көңүл ачышат. 

 

 



Тектеш кабарлар