Сауд Арабиянын Улуттук күнү Анкарада белгиленди

Элчинин кеңешчиси Мухаммед Алхарби Анкарага элчи болуп дайындалган Абу аль-Насрдын билдирүүсүн окуду.

2042472
Сауд Арабиянын Улуттук күнү Анкарада белгиленди

Сауд Арабиянын Улуттук күнү борбор шаар Анкарада уюштурулган кабыл алуу менен белгиленди.

Өлкөнүн улуттук майрамынын 93 жылдыгына карата майрам Анкарадагы мейманканалардын биринде өткөрүлдү.

Сауд Арабиянын Анкарадагы элчилиги тарабынан уюштурулган кабыл алууга үй - бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, соода министри Өмер Болат, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары Бинали Йылдырым, Сауд Арабиянын Анкарадагы элчиси Фахад бин Асад Абу Аль-Наср, Дин иштери боюнча төрагасы Али Эрбаш жана көптөгөн коноктор катышты.

Элчинин кеңешчиси Мухаммед Алхарби Анкарага элчи болуп дайындалган Абу аль-Насрдын билдирүүсүн окуду.

Абу аль - Насрдын билдирүүсүндө, Сауд Аравиянын Анкара менен биргелешип, орток көз караштарды ишке ашыруу жана эки өлкөнүн ортосунда көбүрөөк кызматташтыкты түзүүнү күткөндөрү белгиленди.

Үй - бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ өз сөзүндө Түркия менен Сауд Арабиянын тарыхый жана маданий байланыштары күчтүү эки дос жана бир тууган өлкө экенин белгиледи.

АК партиянын төрага орун басары Бинали Йылдырым да Сауд Арабиянын Түркиянын бир тууган өлкөсү экенин, эки өлкөнүн ортосунда терең тарыхый жана маданий байланыштардын бар экендигин айтты.

Йылдырым Сауд Арабиянын инвестиция чөйрөлөрүнүн Түркияга болгон кызыгуусуна токтолуп : "Албетте, Саудиянын инвестиция чөйрөлөрүнүн Түркияга болгон кызыгуусу артууда. Анткени Түркия өсүүдө жана өндүрүшүн көбөйтүүнү каалагандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда",- деди.

Йылдырым түрк фирмаларынын Сауд Аравиядагы мүмкүнчүлүктөргө кызыгуусунун арткандыгын белгилеп, бул өлкөнүн өзгөчө подряддык фирмаларды тартуу борборуна айланганын белгиледи.

Йылдырым Сауд Арабиянын келечекке чоң көз карашы бар экендигин, түрк фирмаларынын бул кыйын сыноого даяр экенин айтып : «Түркия менен Сауд Арабия локомотив кызматын аткара ала турган жана күчтүү синергетикаларды түзүү аркылуу аймакты коопсуз кыла турган эки өлкө»,-деди.



Тектеш кабарлар