Түркиядан Черногорияга унаа жардамы

3 аскердик унааны тапшыруу аземине, Черногориянын ички иштер министри жана коргоо министрлигинин координатору Филип Аджич менен Түркиянын Подгорица элчиси Барыш Калкаван катышты.

2042008
Түркиядан Черногорияга унаа жардамы

Түркия тарабынан Черногорияга берилген 3 аскердик унаа азем менен Черногориянын Коргоо министрлигине тапшырылды.

Түркия менен Черногориянын ортосундагы аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында 2019-жылы кол коюлган Аскердик каржылык кызматташтык келишиминин (AMIBA) алкагында берилген 3 аскердик унааны тапшыруу аземине, Черногориянын ички иштер министри жана коргоо министрлигинин координатору Филип Аджич менен Түркиянын Подгорица элчиси Барыш Калкаван катышты.

Баш калаа Подгорицадагы Марко Милжанов Попович казармасында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Аджич эки өлкөнүн өнөктөштүктөн тышкары карым-катнаштары бар экенин белгилеп: «Эки өлкө тең НАТОнун мүчөлөрү, ошондуктан коргонуу тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, тынымсыз өнүктүрүүбүз керек», - деди.

Аджич Түркия менен орток баалуулуктардын негизинде түзгөн карым-катнаштарын келечекте да улантууну каалашкандарын айтып: «Бүгүн берилген жардамдын мааниси чоң. Бул жардам Түркиянын Черногориянын аскерлерине көрсөткөн колдоосунун көрсөткүчү. Дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем»,-деп айтты.

Черногория менен кызматташууну уланта тургандарын белгилеген элчи Калкаван, Түркиядагы аскердик окуу жайлардын келечекте Черногориядан студенттерди кабыл алууга даярданып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар