Министр Хакан Фидандын Боррелл менен жолугушуусу

Боррел  социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Фидан менен Карабактагы «өтө тынчсыздандырган» абалды да сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

2040787
Министр Хакан Фидандын  Боррелл менен жолугушуусу

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа Биримдигинин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен жолугушту.

Боррелл  социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Фидан менен Карабахтагы «өтө тынчсыздандырган» абалды да сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Министрликтин X социалдык медиа платформасынан берилген маалыматка караганда Фидан Нью-Йоркто өткөрүлгөн «Келечектин саммитинин министрлер деңгээлинде даярдоо жыйналышында» да катышуучуларга кайрылды.

Билдирүүдө : «Министр Фидан  сөзүндө глобалдык башкаруунун трансформациясы, көп тараптуулукту бекемдөө жана БУУнун реформасы багытында ташталышы керек болгон кадамдарга басым жасады жана бул багыттагы чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу баса белгиледи",- деп айтылды. 

Хакан Фидан Нью-Йоркто өткөн «Ислам Кызматташтык Уюмунун  министрлер деңгээлиндеги жылдык координациялык жыйынына» да катышты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Фидан Латвиянын тышкы иштер министри Артурс Каринс, Беларустун тышкы иштер министри Сергей Алейник жана Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид эз-Зейяни менен да жолугушту.

Фидан Түрк үйүндө Панаманын тышкы иштер министри Жанайна Тевани Менкомо менен да жолугушту.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда «Саясий кеңешме механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюлду.



Тектеш кабарлар