Президент Эрдогандын АКШдагы жолугушуулары

Эрдоган АКШда бир катар жолугушууларды өткөрдү.

2040195
Президент Эрдогандын АКШдагы жолугушуулары
g.afrika matamala cyril ramaphosa.jpg
erdogan abd ybahudi toplumu.jpg
malezya enver ibrahim-erdogan turkevi.jpg
erdogan-micotakis turkevi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясына катышуу үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти кабыл алды.

Түрк үйүндөгү жолугушууга тышкы иштер министри Хакан Фидан менен грек кесиптеши Гиоргос Герапетритис да катышты.

Эрдоган менен Мицотакис эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарда азыркы позитивдүү климатты сактоого чечкиндүүлүктөрүн ырасташты.

5-сентябрда борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн тышкы иштер министрлеринин жыйынында макулдашылган темалар лидерлердин күн тартибинде болду.

Эрдоган менен Мицотакис ошол жыйында макулдашылган эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын жол картасын жана убактысын бекитишти.

Буга ылайык, октябрь айында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жолугат, ноябрда Ишенимди арттыруучу чаралар боюнча жыйындар өткөрүлөт.

7-декабрда да Түркия-Греция Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны Грециянын Салоники шаарында өткөрүлөт.

Эки лидер аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Миграция көйгөйүнүн эки өлкөнүн тең орток маселеси экенин түшүнүү менен чара көрүлүшү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жер Ортолук деңиз аймагындагы табигый кырсыктар жана климаттык кризис да талкууланды.

Жарандык коргонуу тармагындагы кызматташтыкты артыкчылыктуу багыт катары күчтөндүрүү керектиги темасында макулдашылды.

Президент Эрдоган, Мицотакис менен жолугушуусунан кийин социалдык медиа баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, жолугушуунун эки өлкө үчүн пайдалуу болушун каалады.

Президент андан соң Түштүк Африканын президенти Рамафоса менен да жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги күчтүү карым-катнаштарды мындан ары да бекемдөө үчүн жасала турган кадамдарга баа берилди.

Эрдоган жолугушуудан кийин «Түркия катары Африка континенти менен тыгыз кызматташтыгыбызды, шериктештигибизди жана тилектештигибизди улантабыз» деген билдирүүсүн бөлүштү.

Президент Эрдоган Малайзиянын премьер-министри Энвер Ибрахимди да кабыл алды. Жолугушууда аймактык жана глобалдык маселелер каралды. Коргоо өнөр жайы тармагында кызматташууга карай таштала турган кадамдар талкууланды.

Президент Түрк үйүндө Америка жөөт коомчулугунун чатыр уюмдарынын өкүлдөрү менен да жолугушту.

Эрдоган Түрк үйүндөгү жолугушууларынан кийин жарандар менен бир азга маектешти.



Тектеш кабарлар