Эрдоган-Мицотакис жолугушуусу грек басма сөзүндө

Эрдоган кечээ Түрк үйүндө Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти кабыл алган.

2040525
Эрдоган-Мицотакис жолугушуусу грек басма сөзүндө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарындагы Түрк үйүндө Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен жолугушуусу, грек басма сөзүндө эки тараптуу мамилелерде позитивдүү климатты сактоого басым жасоо менен чагылдырылды.

«Та Неа» гезити «Позитивдүү климатты сактоого күчтүү каалоо» деген кабарында эки өлкөнүн ортосундагы жакындашуунун этап-этабы менен илгерилей турганын баса белгиледи.

«Катимерини» гезити болсо Эрдоган-Мицотакис жолугушуусун «Эгейдеги тынч сууларда диалог үчүн жол картасы» деген тема менен берди.

Кабарда «Мицотакис Түркиянын президенти Эрдоган менен жолугушуусунда акыркы айларда өкүм сүргөн аз чыңалуу климатын сактап калуу ниетин ачыктады» деп билдирилди.

Жолугушуунун оң маанайда өткөнү баса белгиленген кабарда, эки өлкөнүн ортосунда 7-декабрда Салоникиде боло турган Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешинин (YDIK) жыйынына байланыштуу төмөнкүдөй билдирүүлөр орун алды:

«Грек тараптын баалоосуна ылайык, бул абал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди толук нормалдаштырууга карай жасалган кадам болуп саналат».

Грециянын негизги оппозициячыл партиясы Радикал Солчул Альянстын (СИРИЗА) басма сөз кеңсесинен жасалган билдирүүдө, Эрдоган-Мицотакис жолугушуусу жана Түркия менен жаңы байланыштарды камтыган жол картасы келишиминин да оң көрүнүш экени айтылды.



Тектеш кабарлар