Түрк Кызылайы Ливияга гуманитардык жардам жөнөттү

Түрк Кызылайы селден жабыркаган Ливияга 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү.

2040044
Түрк Кызылайы Ливияга гуманитардык жардам жөнөттү
Turk kizilay libya yardim.jpg
Turk kizilay libya yardim1.jpg

Түрк Кызылайы селден жабыркаган Ливияга 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү.

Түрк Кызылайынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Ливиядагы селден кийин аймакка барган  топтордун жардам көрсөтүү иштерине салым кошууну улантканы белгиленди.

Селден жабыркаган үй  - бүлөлөргө барылып, муктаждыктарынын белгиленгендиги билдирилген маалыматта чукул жардам пакеттерин аймакка жеткирген түрк Кызылайынын издөө - куткаруу топторуна да жардам бергендиги билдирилди. Кызылайдын аймакка алып барган көчмө тамактандыруу  унаасы менен ысык тамак бергендиги белгиленди.

Жабыркагандар үчүн учак жана кемелер менен жардамдарды Ливияга алып барган Кызылайдын ушул кезге чейин 150 тоннадан ашуун гуманитардык жардам материалын аймакка жөнөтүлгөндүгү билдирилген маалыматта азык  - түлүк, гигиеналык материалдар, кийим - кечеден тышкары маска, кол чырак, байланыш шаймандары, шам, батарейка, көчмө заряддагыч жана сөөктөрдү салуучу баштыктардын  жеткирилгендиги  белгиленди.

Мындан тышкары, толук жабдылган мобилдик байланыш унаасындагы спутниктик байланыш системасы менен үзгүлтүксүз байланыш мүмкүнчүлүгүнүн камсыздалганы баса белгиленди.

Маалыматта  «Кыйын күнүндө Ливия үчүн бирдиктебиз» деген ураан менен аймакка жардам кампаниясын баштаган Кызылай жууркан - төшөк, азык - түлүк пакеттери, гигиеналык комплекттер, консерва, уку баштыкчасынан турган 78 тонна жардам жөнөтүлгөндүгү айтылды.

Ливия Кызылайы менен координациялуу түрдө  кырсыктан жабыркагандарга жардам берген түрк Кызылайынын бул аракеттеринин улантыла  тургандыгы маалымдалды. 

Бириккен Улуттар Уюму Ливияда 8 - сентябрдагы селден жабыркаган 3998 кишинин каза болгондугун, 8 - 9 миң кишинин азыр да дайынсыз экенин жарыялады. 

Жергиликтүү булактар каза болгондордун саны  11 миңден ашкандыгын билдиришти. 

 

 



Тектеш кабарлар