Президент Эрдогандын Нью-Йорктогу эки тараптуу жолугушуулары

Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен бирге Нью-Йорктогу Метрополитен искусство музейинде Байден жана жубайынын кабыл алуусуна катышты.

2039645
Президент Эрдогандын Нью-Йорктогу эки тараптуу жолугушуулары
erdoğan meloni.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден жана жубайы тарабынан сессияга катышкан делегация башчылары менен жубайларынын урматына уюштурулган кабыл алууга катышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун 78-Башкы Ассамблеясы үчүн Нью-Йоркко барган президент Эрдоган жолугушууларын улантууда.

Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен бирге Нью-Йорктогу Метрополитен искусство музейинде Байден жана жубайынын кабыл алуусуна катышты.

Эрдоган жолугушууларынын алкагында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Түрк үйүндө кабыл алды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн саясий жана экономикалык карым-катнаштары менен Израиль-Палестина жаңжалына байланыштуу акыркы абалдар каралган жолугушууда эл аралык жана аймактык маселелер талкууланды.

Президент Эрдоган кабыл алууда Түркиянын Израиль менен энергетика, технология, инновация, жасалма интеллект жана кибер коопсуздук тармактарында биргелешкен иштерди жасай ала турганын белгилеп, тынчтык өкүм сүргөн дүйнө үчүн чогуу иш жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Президент Эрдоган кабыл алуудан кийин социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Бириккен Улуттар Уюмунун 78-Башкы ассамблеясындагы жолугушуубуздун алкагында сүйлөшүү өткөрдүк. Кеңешмелерибиз өлкөбүз жана аймак үчүн пайдалуу болсун»,-деди.

Президент Эрдоган Нью-Йоркто Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонини да кабыл алды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, кабыл алууда эки өлкөнүн карым-катнаштары, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси, аймактык маселелер, Орусия-Украина согушунун жүрүшү, Кара деңиз дан коридорунун келечеги жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү темалары талкууланды.

Жолугушууда президент Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн арттыруу үчүн Экономика жана соода боюнча биргелешкен комитет менен Иш форумунун жыйындарынын тез арада өткөрүлүшү керектигин айтты.

Президент Эрдоган X социалдык медиа баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, жолугушуунун көп тармакта күчтүү кызматташтыкка ээ болгон Түркия-Италия карым-катнаштары үчүн пайдалуу болушун каалады.



Тектеш кабарлар