Эрдоган Шератон Конкордия саммитинин алкагында суроолорго жооп берди

Эрдоган Перс булуңун Түркия аркылуу Европага туташтыруусу пландалган Түркия-Ирак Өнүгүү жолу долбооруна да баа берди.

2039059
Эрдоган Шератон Конкордия саммитинин алкагында суроолорго жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия-Ирак Өнүгүү жолу долбоору тууралуу: «Мындай кадам менен биз жаңы дүйнө куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн абдан чечкиндүү экенин көрдүк. Биз да чечкиндүүбүз»,- деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган президент Режеп Таййип Эрдоган Шератон Конкордия саммитинин алкагында суроолорго жооп берди.

Эрдоган «НАТОнун мүчөсү жана АКШнын стратегиялык өнөктөшү катары улуттук кызыкчылыктар менен кеңири геосаясий тирешүүлөрдүн ортосунда кандай багыт алып жатасыз?» деген суроо боюнча, Түркиянын аскердик күчү жана каржылык колдоосу менен альянстын эң алдыңкы 5 өлкөсүнөн бири экенине көңүл буруп: «Биз берген аскердик күч жана каржылык колдоо менен НАТОнун ичинде ушундай позицияга ээбиз. Мындан бүгүнкү күнгө чейин эч качан баш тарткан жокпуз. НАТОнун ичиндеги бул күчүбүз НАТОго мүчө мамлекеттер арасында да жогору бааланууда. Азырынча биз НАТОнун ичинде алган милдеттерибизди так аткарган өлкөбүз жана келечекте да ошол милдетти аткара беребиз, анткени НАТОго мүчө өлкөлөр катары бул жерде баарыбыздын жалпы кызыкчылыктарыбыз бар. Бул жерде компромисске баруу ниетибиз жок»,-деди.

Президент Эрдоган Перс булуңун Түркия аркылуу Европага туташтыруусу пландалган Түркия-Ирак Өнүгүү жолу долбооруна да баа берди. Эрдоган мындай деди:

«Биринчиден, Басра булуңу жана Перс булуңу өлкөлөрү аркылуу Ирактан өтүп Түркия аркылуу да Европага чыга турган коридор. Бул коридордун  темир жол системасы, автожолдору, инфраструктурасы жана суперструктурасы менен өзгөчө бул жерде Перс булуңундагы өлкөлөрдүн абдан чечкиндүү экенин көрдүм. Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Сауд Арабия, Ирак баш болуп баары бул темада абдан чечкиндүү. Эң негизгиси биз да чечкиндүүбүз. Мен бул чечкиндүүлүктү Америкада көрдүм, Германияда, Японияда дагы көрдүм. Ошондуктан биз таштай турган мындай кадам менен жаңы дүйнө куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз».



Тектеш кабарлар