Яшар Гүлер ардагерлер күнүнө карата сөз сүйлөдү

19 -  сентябрь Ардагерлер күнүнөн улам борбор шаар Анкарада улуттук коргоо министрлигинде азем өткөрүлдү.

2038158
Яшар Гүлер ардагерлер күнүнө карата сөз сүйлөдү

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Кавказиядагы туруктуулукка чоң маани бергендерин белгилеп : "Аймакта эртерээк туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн чоң аракет кылып жатабыз. Боордошубуз Азербайжанды "эки мамлекет, бир улут" түшүнүгү менен колдоону улантабыз",- деди. 

19 -  сентябрь Ардагерлер күнүнөн улам борбор шаар Анкарада улуттук коргоо министрлигинде азем өткөрүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн Гүлер террор менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтер менен бирге көгүлтүр мекендеги укук жана кызыкчылыктардын сакталышына карата иштерди чоң шыктануу менен улантып жатышкандарын белгиледи. 

Гүлер : "Улуттук маселебиз болгон Кипрде да кепилдик жана союздаштык келишиминин негизинде кипрдик боордошторубуздун  мыйзамдуу кызыкчылыктарын бардык шарттарда колдойбуз. Кипрдик боордоштрубуздун эгемендүү теңдиктери жана эл аралык статустарынын  аныкталышы биз үчүн абдан маанилүү",- деди. 

Кавказиядагы туруктуулукка да маани бергендерин айткан Гүлер : "Аймакта эртерээк туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн аракет кылып жатабыз. Азербайжанды "эки мамлекет, бир улут" деген түшүнүк менен колдоону улантабыз",- деди. 

Улуттук коргоо министри : Бир тараптан урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси менен өлкөбүздүн координациясында турмушка ашырылган жана дан кризисинен чыгууга чоң салым кошкон Кара деңиз дан келишиминин кайрадан жандандыруу боюнча конструктивдүү демилгелерибизди улантуудабыз. Каалообуз демилгени кайрадан ишке ашуусу жана эки коңшубуздун (Россия  -  Украина) арасындагы бул согуштун эртерээк акырына чыгышы",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар