Армян террористтеринин кол салуусунда шейит болгон 3 түрк дипломаты тууралуу китеп чыкты

Австриянын борбор шаары Венеда  1975 - 1984 -  жылдары армян террористтер 3 түрк дипломатты шейит кылды.

2038258
Армян террористтеринин кол салуусунда шейит болгон 3 түрк дипломаты тууралуу китеп чыкты

Австрияда армян террористтери шейит кылган 3 түрк дипломатына карата кол салуулар китеп болуп басылды. 

Австриянын борбор шаары Венеда  1975 - 1984 -  жылдары армян террористтер 3 түрк дипломатты шейит кылды. Кол салууну аткаруучулар кармала алган жок. 

Террордук кол салуулар жана андан кийин юолгондор Австрия улуттук кылмыш музейинин директору жана тарыхчы, жазуучу Харальд Сейрлдин «Венадагы террор» аттуу китебинде жыйналды.

Китеп түрк  жана немис тилинде  жарыяланды. 

Сейрл 3 кол салууну "кол салууну жасаткандар белгилүү бирок аткаргандар азыр да кармала элек" деген сөздөрдү айтты. 

Китептин бет ачар аземине катышкан Түркиянын Вена элчиси Озан Жейхун да кол салуулардын унутулбашы үчүн аракет кылган австриялык жазуучу Сейрлге ыраазычылык билдирди.

Түркиянын Вена элчиси Даниш Туналыгил 1975 - жылы армян террористтери тарабынан жасалган кол салууда шейит болгон.

1984 - жылы эмгек кеңешчисинин жардамчысы болуп иштеген Эрдоган Өзен менен Бириккен Улуттар Уюмунун Вена кеңсесинде иштеген Энвер Эргүн террордук кол салууларда шейит болушкан.

 

 



Тектеш кабарлар