AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты 30 миң учуу саатында ийгиликтүү болду
Ушул кезге чейин 8 өлкө менен экспорт келишимин түзгөн Байрактар AKINCI эффективдүү кызматын аткарууну улантууда.
Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын жетекчилигинде жүргүзүлгөн AKINCI долбоорунун негизинде Байкар тарабынан улуттук жана өзгөчө түрдө иштелип чыккан Байрактар AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппарат (TIHA) 30 миң сааттык учууну ийгиликтүү аяктады.
Компаниянын билдирүүсүнө караганда, Түркиянын алгачкы улуттук учкучсуз учуучу аппараттарын чыгарган Байкар тарабынан улуттук жана өзгөчө түрдө иштелип чыккан Байрактар AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппарат түрк авиациясынын тарыхында дагы бир маанилүү учурду жашатты. AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты 30 миң учуу саатын ийгиликтүү аяктады.
Ушул кезге чейин 8 өлкө менен экспорт келишимин түзгөн Байрактар AKINCI эффективдүү кызматын аткарууну улантууда.
Тектеш кабарлар
Грециянын премьер-министри эртең Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдоган Мицотакисти борбор шаар Анкарада кабыл алат.