Түркиядан Ливияга жардам жөнөтүлүп жатат

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2037305
Түркиядан Ливияга жардам жөнөтүлүп жатат
tika libya.jpg

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа дагы 148 медицина кызматкеринин сел апаатынан жапа чеккен Ливияга бара турганын билдирди.

Министр Кожа, социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, министрликтин кырсыктан кийин Ливияга 2 тез жардам бөлүмү, медициналык чыгымдалуучу материалдар, көптөгөн генераторлор, дары-дармектер жана медициналык аппараттар менен бирге 11 кишилик Улуттук медициналык куткаруу тобу (UMKE) жана UMKE ATAK командасын жибергенин эске салды.

Жөнөтүлө турган жаңы команда менен бирге 159 медицина кызматкеринин Ливия элина жардам берээрин белгилеген Кожа: «Дагы 148 кызматкерди жөнөтүп жатабыз. Толук жабдылган 2 талаа ооруканасы жана 6 тез жардам бөлүмү, 10 тез жардам унаасы, UMKE ATAK менен жабдылган 7 унаа, 6 тез жардам унаасы бир кеме менен жолдо баратат»,-деди.

Бир тараптан Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Ливиядагы «Даниел» бороонунан кийин болгон сел апаатынан улам аймакка ичүүчү таза суу жана энергия берүүчү азыктардан турган 5 миң азык-түлүк пакетин жөнөттү.

ТИКАнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, кырсыктан жабыркагандарга бүгүн таратыла турган жардам кечээ кечинде Ливия Кызылайына жеткирилди.

Борбордук Жер Ортолук деңизге таасир эткен жана 10-сентябрда Ливиянын чыгышын каптаган «Даниел» бороонунан улам келип чыккан сел апаатында 6 миң кишинин каза болуп, миңдеген кишинин дайынсыз жоголгону жарыяланган.



Тектеш кабарлар