ТКТРдан Европа Парламентинин Түркия отчетуна каршылык көрсөтүлдү

Бул тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

2037297
ТКТРдан Европа Парламентинин Түркия отчетуна каршылык көрсөтүлдү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Европа Парламенти тарабынан жактырылган Түркия боюнча отчетуна каршылык көрсөттү. 

Бул тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө : "Европа Парламенти Кипр тууралуу жана Кипрдеги тараптарга карата бул жаңылыш жана бир тараптуу мамилесин уланта берсе Европа Парламентинин мындай отчет жана чечимдери биз  үчүн жараксыз болуп эсептелет",- деп айтылды. 

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Европа Парламентинин Түркия отчетунда  Кипрге байланыштуу өткөн жылдардагы бир жактуу мамиленин улантылып жаткандыгы жана  аралдын чындыктарынан алыс экендиги белгиленди.

Европа Биримдигинин Кипр түрк калкынын бар экендигин жана укуктарын көрбөстүккө салган, толугу менен рум тарабынын көз караштарын чагылдырган отчетту бекиткендиги баса белгиленген билдирүүдө : "Европа Парламенти Кипр маселесине жана Кипрдеги тараптарга карата бул жаңылыш жана тараптуу мамилесин уланта турган болсо Европа Биримдигинин бул отчет жана чечимдери биз үчүн жараксыз болуп эсептелет",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар