Фидан менен Клеверлинин билдирүүлөрү...

Тышкы иштер министри Хакан Фидан борбор шаар Анкарада министрликте болгон жолугушуусунан кийин Англиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2037135
Фидан менен Клеверлинин билдирүүлөрү...

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирак, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Түркия жана Катардын Түркия-Ирак Өнүгүү жолу долбоору боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

Министр Фидан борбор шаар Анкарада министрликте болгон жолугушуусунан кийин Англиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Кесиптеши Клеверли менен Түркия менен Англиянын ортосундагы карым-катнаштар тууралуу кеңири пикир алмашуу болгонун белгилеген Фидан, айрыкча Кипр маселеси, Украина жана Сириядагы согушту да сүйлөшкөндөрүн белгилеп, төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады: «Бириккен Королдук Кипр үчүн кепил өлкө катары маанилүү позицияга ээ. Аралдагы акыркы окуялар жана ага байланыштуу маселелер боюнча ар тараптуу баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Украинадагы согуш контекстинде Кара деңиз (дан) демилгесин жандантуу аракетибиз күн тартибинде болчу. Биз глобалдык жоопкерчиликти түшүнүү менен бул демилгени кайра ишке ашыруу боюнча бирдей пикирдебиз».

Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси тууралуу суроого да жооп берген Фидан: «Түркия 2020-жылкы Мадрид саммитинде жана 2023-жылкы Вильнюс НАТО саммитинде жетишилген келишимдерге лоялдуу. Бул жерде чийилген жол карталары, тараптардан күтүлгөн маселелер жана милдеттенмелер булардын баары белгилүү. Кырдаал келишимдин алкагында жылып жатат»,-деп өз баасын берди.

Жыйында сөз сүйлөгөн Клеверли болсо: «Түркия биз жана Улуу Британия үчүн алмаштырылгыс өнөктөш»,-деди.

Клеверли Түркиянын Кара деңиз дан демилгесин кайра баштоо аракетин баалап, Улуу Британиянын Түркия менен карым-катнаштарынын абдан маанилүү экенине басым жасады.

Клеверли: «(Түркия) биздин орток коопсуздугубуз үчүн өтө маанилүү, орток гүлдөп-өнүгүшүбүз үчүн абдан маанилүү. Бирок мындан тышкары биздин мамилебиз Европа үчүн да, аймак үчүн да, жалпы дүйнө үчүн да абдан маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар