Өмер Челик Дан демилгесинин жанданышы керектигин айтты

Челик кечээ президент жана АК партиянын лидери  Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада партиянын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн АК Партиянын Борбордук Аткаруу Кеңешинин  жыйынынан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

2036732
Өмер Челик Дан демилгесинин жанданышы керектигин айтты

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрага орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, Россия  - Украина согушунан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен түзүлгөн Дан демилгеси келишиминин кайра жанданышы керектигин айтты.

Челик кечээ президент жана АК партиянын лидери  Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада партиянын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн АК Партиянын Борбордук Аткаруу Кеңешинин  жыйынынан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

Челик  2022 -  жылы  24 -  февралда башталган жана бүткүл дүйнө системасын таасири астына алган Россия  -  Украина согушу тууралуу баарынын сценарийинин бар экендигин, согуштун улантылышына байланыштуу  бир топ даярдыктардын көрүлгөндүгүн бирок президент Режеп Таййип Эрдоган жана Түркиянын тынчтыкта катуу тургандыгын айтты. 

Дан коридорунун улантылышына карата президент Эрдогандын демилгелеринин уланып жаткандыгын айткан Челик : "БУУнун чатыры астында, БУУнун демилгеси менен Россия жана Украина менен бирдикте, эки өлкөнү четке какпастан бул процестин жүргүзүлүшү керек деп ойлойбуз. Украина, Болгария жана Румыния  континенталдык шельф аркылуу жаңы сызык тартууга аракет кылууда. Москва болсо азыркы коридорго байланыштуу убадалардын аткарылышын каалайт. Эки тараптын столго кайтып келүү үчүн  Батыштан күтүүлөрү бар",- деди. 

Челик эң оболу БУУнун демилгеси менен түзүлгөн Дан демилгеси келишиминин кайра жандануусу керектигин белгиледи.

Өмер Челик Азербайжандын Карабах аймагындагы шайлоо тууралуу да : "Армяндардын Карабахта өткөргөн шайлоонун мыйзамдуулугу жок. Бул каракчылык шайлоо жана ал чек арага курал жаадырып, бул чыңалууну күчөтүү башкаларга пайда алып келиши мүмкүн, бирок Арменияга эч кандай пайда алып келбей турганы анык",-  деди.

Челик Армениянын бул аймактагы чыңалууну арттыра турган мындай каракчылык аракеттеринен жана мамилесинен алыс болушу керектигин белгилеп, Түркиянын Карабах согушундагыда болгондой  боордош  Азербайжанды толук колдой тургандыгын  айтты.

 

 



Тектеш кабарлар