Йылмаз: «Түркия кылымы бир эле учурда «ТКТКнын кылымы» да болот»

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Левкошада президент Эрсин Татар менен жолугушту.

2036598
Йылмаз: «Түркия кылымы бир эле учурда «ТКТКнын кылымы» да болот»

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) ортосундагы кызматташтыктын жаңы натыйжаларды берерине ишенгендерин айтты.

Йылмаз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Левкошада президент Эрсин Татар менен жолугушту.

Жекеме-жеке жолугушуудан мурда билдирүү жасаган Йылмаз, Түркия кылымы бир эле учурда «ТКТКнын кылымы» да болорун, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дүйнөдө алда канча таасирдүү болгон жана бардык каналдары ачык катышкан өлкөгө айлана турганын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы сапарынын алкагында жемиштүү жолугушууларды жана жыйналыштарды өткөрүшкөндөрүн айткан Йылмаз:«Түркия Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы байланыштар мындан ары дагы күчөйт жана бул кызматташтык эл аралык аренада жаңы натыйжаларды берерине чын жүрөктөн ишенебиз»,-деди.

Вице-президент Йылмаз, президент Режеп Таййип Эрдогандын кипрлик түрктөргө салам жана сүйүүсүн жеткирип: «Президентибиздин жүрөгү дайыма бул жерде согот. Бул жердеги элибиздин жыргалчылыгы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бекемделиши биздин эң чоң бакытыбыз жана кубанычыбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар