Косовонун премьер - министри генерал - майор Улуташты кабыл алды

Косовонун премьер - министри Альбин Курти октябрь айында НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчтөрүнүн (KFOR) командирлигин бир жылга өткөрүп ала турган генерал - майор Өзкан Улуташ  командасын кабыл алды.

2036437
Косовонун премьер  - министри генерал  - майор Улуташты кабыл алды

Косовонун премьер - министри Альбин Курти октябрь айында НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчтөрүнүн (KFOR) командирлигин бир жылга өткөрүп ала турган генерал - майор Өзкан Улуташты жана   командасын кабыл алды.

Премьер - министр Курти X социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө КФОРдун командири боло турган  генерал - майор Улуташ менен командасын кечки тамакта тосуп алуудан жана алар менен таанышуудан кубанычта экенин айтты.

Курти : "Тынчтык жана коопсуздукка карата   жалпы чечкиндүүлүктүн жол башчылыгында берилгешкен максат жана  милдеттердин үстүндө жакын кызматташууну чыдамсыздык менен күтүп жатам», - деди.

Түркия октябрь айында 1999 - жылдан бери Косоводо кызматк ылган тынчтык күчү комнадирлигин биринчи жолу өткөрүп алат. Генерал  -  майор Улуташ 1 жылдык мөөнөт менен КФОР командири катары кызмат кылат. 

КФОР 27өлкөдөн  4500гө жакын аскердик кызматкери менен БУУнун (БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1244  чечими) жетекчилиги астында аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшүнө карата кенен түрдөгү эл аралык аракеттерди колдоо максатында  1999 - жылы  12 -  июлдан бери Косоводо тынчтыкты колдоо операциясын жетектеп келе жатат. 

 



Тектеш кабарлар