Лукашенко Түркия менен карым-катнаштарга баа берди

Белта агенттигинин маалыматына ылайык, Лукашенко Түркиянын Минсктеги элчиси Мустафа Өзжанды Эгемендүүлүк сарайында кабыл алды.

2035916
Лукашенко Түркия менен карым-катнаштарга баа берди

Беларустун президенти Александр Лукашенко Түркия менен карым-катнаштарды тереңдетүү багытында көп нерсеге жетишкендерин айтты.

Белта агенттигинин маалыматына ылайык, Лукашенко Түркиянын Минсктеги элчиси Мустафа Өзжанды Эгемендүүлүк сарайында кабыл алды.

Жолугушууда Беларус менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарга баа берген Лукашенко: «Акыркы убакта биз Беларусь менен Түркиянын ортосундагы мамилени тереңдетүү багытында көп нерсеге жетише алдык. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен болгон келишимибизге байланыштуу бир катар чечилбеген көйгөйлөр бар, бирок бул көйгөйлөрдү чечсе болот деп ойлойм»,-деди.

Беларустун Украина кризиси баш болгон эл аралык карым-катнаштардагы көптөгөн маселеде Түркияга окшош мамиледе экенин баса белгилеген Лукашенко: «Беларусь дагы, Түркия дагы бул жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнү жакташат»,-деди.

Беларусь менен Түркиянын ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштарга токтолгон Лукашенко Эрдоган менен жылына 1,5 миллиард долларлык соода көлөмүнө жетишүү боюнча макулдашкандарын эске салды.

Лукашенко: «Бизде эки жылдан бери жылдык соода көлөмү 1 миллиард доллардан ашты. Биз бул (белгиленген) деңгээлге жетишибиз керек. Анын үстүнө бул үчүн мүмкүнчүлүктөр бар»,-деп айтты.

Президент Эрдогандын өлкөсү үчүн эгемен, көз карандысыз саясат жүргүзгөнүнө көңүл бурган Лукашенко Түркиянын көз карандысыз, эгемен саясатына абдан кызыкдар экенин айтты.

Түркиянын Минсктеги элчиси Өзжан да президент Эрдогандын Лукашенкого саламын жана Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөдө Беларустан жиберилген жардам үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар