Эрдоган G20 лидерлерине «Нөл таштанды» китепти тапшырды

Эрдоган китептин кириш сөзүндө климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу жана булгануу сыяктуу «үчтүк планета кризиси» менен күрөшүүдө ийгиликтүү болуу үчүн глобалдык тилектештиктин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

2035747
Эрдоган G20 лидерлерине «Нөл таштанды» китепти тапшырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Индияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Түркиянын жашоого жарамдуу дүйнө үчүн нөл таштанды сапары» китебин мамлекет башчыларына жана лидерлерге белек кылды.

Эрдоган китептин кириш сөзүндө климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу жана булгануу сыяктуу «үчтүк планета кризиси» менен күрөшүүдө ийгиликтүү болуу үчүн глобалдык тилектештиктин маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Бирок эл аралык тилектештик акырындык менен бузулуп, кызматташуунун ордун өзүмчүл мамилелер басып жатат. Мунун азабын өзгөчө Африка менен Азиянын начар өлкөлөрү баш болгон бүткүл адамзат тартып жатат.

Биздин өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө жана булганышына байланыштуу өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу көйгөй жаратуу үлүшү дээрлик жокко эсе. Буга карабастан Түркия катары дүйнөбүздүн жана адамзаттын орток келечегине тиешелүү бул маанилүү темада өзүбүздүн милдеттенмебизди аткаруудабыз жана дүйнөлүк деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштерди колдоп жатабыз»,-деди.

Түркиянын 2053-жылга карата так нөл эмиссия чыгаруу жана жашыл өнүгүү максаттары менен Париж Климат келишимине эң маанилүү салым кошконуна көңүл бурган Эрдоган макаласында мындай деп улантты: «Биз нөл таштандыдан кайра жаралуучу энергия долбоорлоруна чейин, коомдук бакчалардан токой байлыгыбызды көбөйтүүгө, саркынды сууларды тазалоодон абанын сапатын өлчөөгө чейин көптөгөн колдонмолор менен таза жана жашыл Түркия үчүн аракет кылуудабыз. Биз кайра жаралуучу орнотулган кубаттуулук жаатында Европада 5-орун, дүйнөдө 12-орундабыз.

Жубайым Эмине Эрдогандын жетекчилигинде ишке ашырылган «Нөл таштанды» долбоору бул процессте бурулуш учур болду. «Дүйнө – биздин жалпы үйүбүз» деген ураан менен ишке ашырылган долбоорубуз бүткүл дүйнө тарабынан бааланып, 3ү Бириккен Улуттар Уюмунун кеңселеринен жана программаларынан болгон жалпысынан 5 эл аралык сыйлыкка татыктуу деп табылды»,-деди.

Президент Эрдоган, Түркиянын аракети менен кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын No77/161 резолюциясы менен «Нөл таштанды» долбоору глобалдык кыймылга айланганын жана бул чечим менен жыл сайын 30-марттын Эл аралык Нөл таштанды күнү деп белгилене турганы жарыяланганын эске салды.



Тектеш кабарлар