Эрдоган-Сиси жолугушуусуна байланыштуу Египеттен билдирүү

Египеттин Президенттигинин басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Делидеги жолугушууда лидерлер эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшыртуу үчүн иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

2035367
Эрдоган-Сиси жолугушуусуна байланыштуу Египеттен билдирүү

Египеттин Президенттиги президент Режеп Таййип Эрдогандын 18-Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында катышкан Индиянын борбор шаары Нью-Делиде Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

Египеттин Президенттигинин басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Делидеги жолугушууда лидерлер эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшыртуу үчүн иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эрдоган менен Сиси Чыгыш Жер Ортолук деңизинде коопсуздук жана ырааттуулуктун сакталышына салым кошо турган орток кызыкчылыктардын алкагында аймактык кызматташтыкты күчтөндүрүү каалоолорун билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин бардык аспектилерин Түркия менен Египеттин кызыкчылыктарына ылайык өнүктүрүү үчүн кеңешүүнү жана координацияны активдештирүү жолдору да талкууланды.



Тектеш кабарлар