Түркия Африка Биримдигинин Чоң жыйырмалыкка туруктуу мүчөлүгү тууралуу билдирди
Тышкы иштер министрлигинен Индиянын кожоюндугунда Жаңы Делиде өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде чыгарылган "Африка Биримдигинин туруктуу мүчө болушу" чечимине байланыштуу билдирүү жасалды.
Тышкы иштер министрлигинен Индиянын кожоюндугунда Жаңы Делиде өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде чыгарылган "Африка Биримдигинин туруктуу мүчө болушу" чечимине байланыштуу билдирүү жасалды.
Чечимдин "чоң ыраазычылык менен" кабыл алынгандыгы баса белгиленген билдирүүдө : "Африка Биримдигинин стратегиялык өнөктөшү катары Түркия Африканын эл аралык платформада өкүлчүлүгүн жакшыртуу жана үнүн угузуу үчүн колунан келген аракетти көрсөтүүдө",- деп айтылды.
Билдирүүдө буларга орун берилди : "Башынан бери күчтүү түрдө жактап келген Африка Биримдигинин Чоң жыйырмалыкка туруктуу мүчөлүгү эл аралык карым - катнаштарда көп тараптуулуктун өкүм сүрүшү үчүн маанилүү кадам. Түркия Африканын эл аралык системада татыктуу позицияга келиши үчүн колдоо берүүнү улантат".
Индиянын премьер - министри Нарендра Моди, бүгүн борбор шаар Жаңы Делиде «Бир дүйнө, бир үй-бүлө, бир келечек» деген тамада башталган Чоң жыйырмалыктын 18 - лидерлер саммитинде мүчө өлкөлөрдүн Африка Биримдигине туруктуу мүчө статусун берүү боюнча макулдашкандарын билдирди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.