Ички иштер министри Йерликая ПКК операциясы тууралуу маалымат берди
Министр Йерликая операция жүргүзгөн бөлүктөрдү куттуктап : "Адамгерчилиги жок чыккынчыларды аябайбыз. Күрөшүбүз террор аяктаганга чейин уланат»,-деди.
Ички иштер министри Али Йерликая Диярбакырда жүргүзүлгөн операцияда бомбалуу кол салууга даярданган 5 террористин колго түшүрүлгөндүгүн билдирди.
Йерликаянын социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүсүнө караганда, Коопсуздук башкы директорлугунун координациясында жүргүзүлгөн операциянын алкагында Диярбакырда колго түшүрүлгөн 5 террористтин жикчил террордук уюм үчүн «чабарман» экендиги жана бомбалуу кол салууга даянданып жаткандыгы аныкталды.
Террористтер жашаган жердеги жардыруучу заттар жана курал - жарактар колго түшүрүлдү.
Министр Йерликая операция жүргүзгөн бөлүктөрдү куттуктап : "Адамгерчилиги жок чыккынчыларды аябайбыз. Күрөшүбүз террор аяктаганга чейин уланат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт
Европанын Авиация коопсуздугу уюму (EUROCONTROL) 13-19-майга карата “Авиациялык отчеттун” жарыялады.