Министр Болат Вархели менен жолугушту

Жолугушуудан кийин Болат X социалдык медиа эсебинен бул темага байланыштуу маалымат берди.

2033909
Министр Болат Вархели менен жолугушту

Соода министри Өмер Болат борбор шаар Анкарада Европа Биримдигинин  кеңейүү боюнча комиссары Вархели менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Болат X социалдык медиа эсебинен бул темага байланыштуу билдирүү жасап, Вархели менен Түркиянын жана Европа Биримдигинин оң күн тартибинин күчтүү түрдө уланып жатканы боюнча чечкиндүүлүгүн тастыктагандыгын айтты.

БолатЕвропа Биримдигинин  өзгөчө түрк ишкерлеринин виза процесстерин жеңилдетүү максатында  баштала турган конкреттүү программасынан  кубанычта экендиктерин белгилеп : "Жолугушууда Бажы Биримдигинин жаңылануу процессине карата сүйлөшүүлөрдүн баштатылышы үчүн талкуулана турган темаларыбызды, жашыл трансформация баш болгон Европа Биримдиги менен биргелешкен долбоолорубузду, өзгөчө бул тармактарда Европа Биримдиги менен каржылоо тармагындагы кызматташуубузду карап чыктык. Октябрда соода жумушчу топторунун отурумдарында техникалык деңгээлдеги иштер башталат. Түркиянын эң чоң соода өнөктөшү болгон Европа Биримдиги менен соода жана экономикалык кызматташтыкты өз ара кадамдар менен бир топ жогорку деңгээлге алып чыгабыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар