Эрдоган: «Мен бул жолугушуунун баалуулугун бүткүл дүйнө баалайт деп эсептейм»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

2033595
Эрдоган: «Мен бул жолугушуунун баалуулугун бүткүл дүйнө баалайт деп эсептейм»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Мен бул жолугушуунун (Орусия президенти Владимир Путин менен Сочиде) баалуулугун бүткүл дүйнө баалайт деп эсептейм»,- деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте министрлер кабинетинин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен мурунку күнү Сочиде абдан кеңири жана жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөндөрүн билдирген Эрдоган: «Орусия-Украина согушу уланып,  Дан коридорунан баштап көптөгөн гуманитардык күн тартиби талкууга алынган учурда бул жолугушуунун баалуулугун бүткүл дүйнө баалап жатат деп эсептейм»,-деди.

Ирак жана Сириядагы абалдарга да баа берген Эрдоган: «Аймактагы актерлор да, аймактын тышындагы актерлор да төмөнкү тарыхый чындыктарды кабыл алышы керек. Ирак менен Сирияны камтыган аймактын 1000 жана 1500 жылдык демографиялык реалдуулуктарын эске албаган эч бир сценарийдин аймакта ийгиликтүү болушу мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Эрдоган АКШнын Сириядагы жикчил террордук уюм менен кызматташпоосун бир нече жолу баса белгилегенин, мындай мамилесин уланта берсе келечекте өз кызыкчылыгына да, аймакка да зыян келээрин эскерткендерин, акыркы окуялар анын тынчсызданууларынын жана эскертүүлөрүнүн негиздүү экенин ачык көрсөткөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар