Евробиримдиктен Түркияга жогорку деңгээлдеги сапар

Бул тууралуу Европа Биримдиги комиссиясынан билдирилди.

2033409
Евробиримдиктен Түркияга жогорку деңгээлдеги сапар

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын коңшулук жана кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархели кызматташтык сүйлөшүүлөрү үчүн Түркияга келет.

Европа Биримдиги комиссиясынын билдирүүсүнө караганда 6-7-сентябрда борбор шаар Анкарада боло турган Вархели тышкы иштер министри Хакан Фидан, соода министри Өмер Болат, үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​жана өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр менен жолугушат.

Сапардын жүрүшүндө Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана кызматташтык маселелери талкууланат.

Евробиримдик комиссиясынын билдирүүсүндө, июнь айында болгон Евробиримдиктин саммитинде лидерлер Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллге Түркия менен карым-катнаштардын абалы тууралуу доклад даярдоону тапшырышканы белгиленди. Ошондой эле Евробиримдик комиссиясынын кеңейүү боюнча отчетунун октябрь айында жарыялана турганы, 1-сентябрда Түркиянын 7,5 миллиард евро бюджеттүү Санариптик Европа программасына катышуусуна байланыштуу келишимге кол коюлганы эскертилди.

Билдирүүдө Европа Биримдиги комиссиясынын Түркияда февраль айында болгон жер титирөөлөрдөн келтирилген зыян үчүн 400 миллион евро каржылык колдоо сунуш кылганы белгиленип: «Сапардын жүрүшүндө Вархели  ЕБ өлкөдөгү башпаанек издегендерди колдоону улантууга милдеттенген 3 миллиард евролук каржылоонун бир бөлүгү катары, эң аялуу качкындар үчүн социалдык коопсуздук тармагын ЕБ каржылоосу үчүн 781 миллион евролук келишимге кол коет»,делди.



Тектеш кабарлар