Фидан: «Биз коңшубуз Греция менен диалогду улантууга жана мамилелерибизди өнүктүрүүгө даярбыз»

Фидан Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Герапетритис менен борбор шаар Анкарада министрликте жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2033385
Фидан: «Биз коңшубуз Греция менен диалогду улантууга жана мамилелерибизди өнүктүрүүгө даярбыз»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Биз коңшубуз Греция менен диалогду алдын ала эч кандай шартсыз улантууга жана мамилелерибизди бардык тармактарда жалпы кызыкчылыктардын негизинде өнүктүрүүгө даярбыз. Биз өз көйгөйлөрүбүздү эл аралык укуктун негизинде, өз ара укуктарды жана кызыкчылыктарды урматтоо менен чече алабыз»,-деди.

Фидан Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Герапетритис менен борбор шаар Анкарада министрликте жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Фидан грек кесиптеши менен Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз алкагындагы көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө баалагандарын белгилеп: «Эгейде пикир келишпестиктерибиз бар. Буларды өткөндө кеңешүү жолугушууларында да талкуулап жатканбыз. Алдыдагы мезгилде процесстин кайра башталышына көңүл бурдук. Проблемалардын чечилишине жаңы ыкмаларды алып келүү боюнча макулдаштык»,-деди.

Фидан мыйзамсыз иммиграция темасынын атаандаштык эмес, кызматташуу аймагы болушу керектигин жана Эгейде дагы көп жоготууларды көрүүнү каалабагандарын баса белгиледи.

Фидан Грецияда жашаган мекендештердин көйгөйлөрүн да маанилүү күн тартибинин темасы катары көргөндөрүн белгилеп: «Ошондой эле өлкөбүздөгү азчылыктардын көйгөйлөрү боюнча көптөгөн алгылыктуу практикаларды ишке ашырдык. Ушундай эле конструктивдүү мамилени мекендештерибиз үчүн да күтөбүз. Грециядагы маданий мурастарыбызды коргоого чоң маани беребиз. Осмон империясынын калдыктарынын калыбына келтирилишине колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бул темада кызматташа аларыбызды баса белгиледик. Бүгүн айрыкча аймактык маселелерди да талкууладык. Украина, Ливия жана Сириядагы окуяларга баа бердик.

Биз Европа Биримдигинен күтүүлөрүбүздү кайталадык. Биз коңшубуз Греция менен диалогду эч кандай шартсыз улантууга жана бардык тармактарда жалпы кызыкчылыктардын негизинде мамилелерибизди өнүктүрүүгө даярбыз. Биз өз көйгөйлөрүбүздү эл аралык укуктун негизинде, өз ара укуктарды жана кызыкчылыктарды урматтоо менен чече алабыз»,-деп айтты.

Грециянын тышкы иштер министри Герапетритис болсо: «Ишеним чаралары боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы аралыкта башталат»,-деди.

Герапетритис: «Биз (Түркия менен Грециянын ортосунда) оң күн тартибин улантуу боюнча макулдаштык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар