Эрдоган: "Өлкөбүздү энергетикалык базага айландырып жатабыз"

Эрдоган Орусиядан кайтып келе жатканда учакта берүүлөрдү жасады.

2033350
Эрдоган: "Өлкөбүздү энергетикалык базага айландырып жатабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүздү энергетикалык базага айландырабыз дегенбиз, бул үчүн керектүү инфраструктураны жана физикалык шарттарды камсыздайбыз»,- деди.

Эрдоган бир күндүк иш сапарынын алкагында барган Орусиядан кайтып келе жатканда учакта берүүлөрдү жасады.

Президент Эрдоган орус газынын Түркия аркылуу Европага өтүшүнө байланыштуу: «(Орусиянын президенти Владимир) Путин мырза менен жолугушуубузда энергетика тармагын өзүнчө темаларда талкуулайбыз. Энергетикалык өнүмдөрдү өлкөбүз аркылуу Европага жана дүйнөгө жеткирүү боюнча ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырабыз.

Түркияда курула турган жаратылыш газ борборунун негизинде энергетиканы өткөрүүдө да, баада да жылыш болот. Өлкөбүздү энергетикалык базага айландырабыз дегенбиз, бул үчүн зарыл болгон инфраструктураны, физикалык шарттарды түзүп жатабыз.

Акыркы жылдардагы инвестицияларыбыз менен өлкөбүздү аймактык география үчүн маанилүү жаратылыш газ базасы кылабыз. Түркияны аймактын, андан соң глобалдык энергиянын борбору кылуу максатыбызга кадам сайын жакындап баратабыз»,-деди.

«Өз ара урматтоонун негизинде түзүлгөн мекемелер аралык диалогдун пайдасын эки тараптуу карым-катнаштарыбызда да, аймактык жана глобалдык деңгээлде да көрдүк»,-деген Эрдоган, мунун эң жакшы мисалынын Кара деңиз демилгеси экенин айтып: «Демилгени кайра жандандыруу - бүткүл дүйнө үчүн приоритеттүү тема. Биз бул маселе боюнча Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен тыгыз байланыштабыз. Ушул айда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйыны бар. Ал жерде (БУУнун Башкы катчысы Антонио) Гутерриш менен да жолугуп, бул маселелерди талкуулайбыз. Башкы катчы Гутерриш мырзанын аракеттерин баалай турганыбызды жана колдой турганыбызды дагы бир жолу кайталагым келет»,-деди.

Сириянын Дейр-эз-Зор аймагындагы араб уруулары менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ террористтеринин ортосундагы кагылышууга байланыштуу президент: «Учурда болуп жаткан нерсе араб урууларынын биримдикте жана ынтымакта өз жерлерин талап кылуу аракети, кадамы. Бул жагынан болуп жаткандарды маанилүү деп эсептейм. Араб уруулары бул жерлердин чыныгы ээлери. Террордук уюмдар ал жерлердин чыныгы кожоюндары эмес. Уруулардын биригүү менен ПКК жана ЙПГга каршы мамилеси ар намыстуулук күрөшү болуп саналат», - деп айтты.

«ПКК/ЙПГнын, террордук иш-аракеттери менен аймак калкынын жашоо укугун тааныбаганын бул уюмдарга колдоо көрсөткөн өлкөлөр көрүшү керек»,-деген Эрдоган: «АКШ жана Орусияга тынымсыз ПКК/ЙПГнын өлкөбүздү коркунучка салган террордук аракеттери тууралуу маалымат берип турабыз. Дейр эз-Зордогу мунайзаттын көзөмөлү үчүн бул террордук уюмдун кылбаганы жок. Бул боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн өлкөлөргө керектүү эскертүүлөрдү жасадык. АКШнын бул террордук уюмга берген ок-дары жана курал жардамынын аймактын тынчтыгына кызмат кылбаганы байкалды. Террордук уюмга берилген ар бир курал аймактагы кан төгүүнүн уланышына жана Ирак менен Сириянын аймактык бүтүндүгүнүн бузулушуна себеп болууда»,- деди.

Сирия менен нормалдашуу процессине байланыштуу президент: «Тышкы иштер министрлеринин төрт тараптуу жолугушуусунда терроризмге каршы күрөш, саясий процесс, качкындардын коопсуз, ыктыярдуу жана татыктуу кайтып баруулары ар тараптуу талкууланууда. Бул темаларда жылыш болсо, Сирия режими менен да мамилени нормалдаштыруу мүмкүн. Сирия режими менен төрт тараптуу процесстин башынан эле эч кандай шартсыз болушу керектигин айтканбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар