Президент Эрдоган Орусияда

Эрдоган Сочиде Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүдө.

2032813
Президент Эрдоган Орусияда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапары менен Орусияга барды.

Эрдоган Сочиде Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүдө.

Президент Эрдоган, жолугушуунун алдында басма сөзгө берген маалыматында дан коридору тууралуу: «Путин менен жолугушуубуздан кийин дүйнөгө бериле турган кабар, өзгөчө аз өнүккөн Африка өлкөлөрүнө карай кадам, абдан маанилүү болот»,-деди.

Эрдоган: «Учурда Түркия менен Орусиянын ортосундагы тышкы соода көлөмүбүз 62 миллиард долларды түзүүдө, 100 миллиарддык максатка бара жатканыбызга абдан кубанычтабыз»,-деп айтты.

Орусиянын президенти Путин болсо: «Түркия менен жакын арада газ боюнча да, башка тармактарда да маанилүү кадамдарды таштайбыз»,-деди.

Путин: «Биз (президент Эрдоган менен) Украина кризисин талкуулайбыз. Күн тартибине дан келишимин кое турган болсоңуз, биз бул сүйлөшүүлөргө ачыкпыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар