Эрдоган эртең Сочиге барат

Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунун эң маанилүү күн тартиби 17-июлда Орусия токтоткон Кара деңиз дан коридору келишими болот.

2032357
Эрдоган эртең Сочиге барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн эртең Сочиге барат.

Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунун эң маанилүү күн тартиби 17-июлда Орусия токтоткон Кара деңиз дан коридору келишими болот. Эки лидер келишимди калыбына келтирүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар тууралуу пикир алмашат.

Орусия-Украина согушу жана Сирия баш болгон аймактык абалдар карала турган жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштары, өзгөчө энергетика, соода, экономика жана туризм темалары да каралат.

Дүйнө чыдамсыздык менен күткөн жыйында орус газын Түркия аркылуу Европага өткөрүү долбоору да күн тартибинде болот.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Эрдогандын сапары алдында Москвада орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.



Тектеш кабарлар