Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Иранга барат

Хакан Фидандын кесиптеши тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахияндын чакыруусу менен эртең Иранга барары билдирилди.

2032253
Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Иранга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Ирандын борбор шаары Тегеранга барат.

Министрликтен берилген маалыматта Хакан Фидандын кесиптеши тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахияндын чакыруусу менен эртең Иранга барары билдирилди. 

Фидандын сапарында Тегеранда жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрө тургандыгы белгиленген билдирүүдө : "Сапардын алкагында Иран менен ар  тармакта кызматташуубузду жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, учурдагы аймактык жана эл аралык окуялар боюнча пикир алмашат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар