Түркия Пакистанда болгон кол салууну айыптады

Түркия Пакистандын Хайбер - Пахтунхва провинциясынын Банну аймагындагы жанкечтилик кол салууну катуу айыптады.

2032105
Түркия Пакистанда болгон кол салууну айыптады

Түркия Пакистандын Хайбер - Пахтунхва провинциясынын Банну аймагындагы жанкечтилик кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта: «Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Банну районунун Жани Хел аймагында аскердик конвойдун өтүшү учурунда жасалган жанкечтилик кол салууда тогуз аскер шейит болуп, беш аскер  жараланган",- деп  билдирилди. 

Кол салуу катуу айыпталган билдирүүдө булар айтылды : "Түркия катары боордош Пакистандын террор менен күрөшүндө жанында экендигибизди кайталайбыз. Шейит болгондорго Аллахтын ырайымын, жакындарына, боордош жана бир тууган Пакистан калкы менен өкмөтүнө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз". 

 

 



Тектеш кабарлар