Жевдет Йылмаз Европа Биримдигинин Түркия делегациясын кабыл алды

Вице - президент Жевдет Йылмаз социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, глобалдык жана аймактык өнүгүүлөр, өзгөчө Түркия - Европа Биримдиги карым – катнаштары тууралуу пикир алмашкандарын белгиледи.

2031653
Жевдет Йылмаз Европа Биримдигинин Түркия делегациясын кабыл алды

Вице  - президент Йылмаз Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын башчысы,  элчи Николаус Мейер - Ландрут жана коштоосундагы делегацияны кабыл алды.

Вице - президент Жевдет Йылмаз президенттик комплекстеги кабыл алууга байланыштуу социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, глобалдык жана аймактык өнүгүүлөр, өзгөчө Түркия - Европа Биримдиги карым – катнаштары тууралуу пикир алмашкандарын белгиледи.

Түркия - Европа Биримдиги карым - катнаштарынын тамыры терең, көп өлчөмдүү жана бир гана Түркия жана Европа Биримдиги үчүн эле эмес, аймак үчүн да маанилүү экенин баса белгилеген Йылмаз : «Бул абалдын так чагылышын Россия  - Украина согушунда дагы бир жолу көрдүк. Түркия катары Европа Биримдиги менен карым -  катнашыбыздагы саясий тоскоолдуктарды тез арада жоюну, карым - катнаштарды кайра тездетүүнү жана структуралык диалог механизмдерин ар дайым ачык кармоону маанилүү деп эсептейбиз. Бажы биримдигин жаңылоо жана визаны либералдаштыруу диалогун тездетүү бул процессте биздин маанилүү күн тартибибизди түзөт.

Европа Биримдиги  менен Түркиянын ортосундагы тыгыз финансылык кызматташтыкты арттырууну жана кеңейтүүнү Европа Биримдигине кирүү процессинин негизги элементи катары көрөбүз. Европа Биримдиги менен өз ара кызматташтыгыбыз жашыл трансформация, санариптештирүү, туруктуу шаардык транспорт жана таза энергия сыяктуу тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Өзгөчө кыйратуучу жер титирөөлөрдөн кийин көрсөткөн тилектештик үчүн Европа Биримдигине  ыраазычылык билдиребиз жана 20 - марттагы Эл аралык донорлор конференциясында Европа Биримдиги  убада кылган жардамдын тез арада ишке ашышын көрүүнү каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар