Эди Рама грек медиасына Эрдоган жөнүндө ойлорун айтты

Грек медиасына интервью берген Рама өзгөчө өлкөсүнүн Түркия жана Греция менен болгон карым-катнаштары баш болгон ар түрдүү темаларга токтолду.

2030124
Эди Рама грек медиасына Эрдоган жөнүндө ойлорун айтты

Албаниянын премьер-министри Эди Рама президент Режеп Таййип Эрдоган менен стратегиялык өнөктөштүк келишими бар экенин айтты.

Грек медиасына интервью берген Рама өзгөчө өлкөсүнүн Түркия жана Греция менен болгон карым-катнаштары баш болгон ар түрдүү темаларга токтолду.

Рама: «Президент Эрдоган менен стратегиялык өнөктөштүк келишимибиз бар, бирок президент Эрдоган же (Грекиянын премьер-министри) Кириакос Мицотакистин ортосунда, Греция менен Түркиянын ортосунда тандоо керек деп ойлобойм. Экөөнү тең жакшы көрөбүз. Проблема болбошу керек»,-деп өз баасын берди.

Рама Албания менен Грециянын ортосундагы деңиз юрисдикциясына да токтолуп: «Президент Эрдоган бул маселе боюнча эмне болуп жатканын эч качан, эч качан сураган эмес. Эч качан. Эч качан. Ал (Президент Эрдоган) күрөшүн улантуу үчүн Албанияга муктаж эмес»,-деп пикирин айтты.

Президент Эрдогандын гректерге каршы эмес экенин баса белгилеген Рама: «Сиз муну абдан жакшы билесиз деп ишенем: президент Эрдоган премьер-министр болуп турганда да Кипр маселеси боюнча келишимге жетишүүгө кайраттуу болгон адам. Эсиңиздеби, бул анын Анкарадагы карьерасы үчүн абдан кооптуу болгон жана ал ошого карабастан муну жасаган»,-деп айтты.

Рама мындай деди: «Греция дуушар болгон оор кризис учурунда (Президент Эрдоган) бул абалдан пайдаланып, кырдаалды курчутканын мен көргөн жокмун, анткени эгер ал Грецияны жок кылгысы келсе же Грецияны жок кылууну көздөсө, анда ал өз кызыкчылыгына пайдаланмак. Качкындарды колдонуп, абалды мындан да оор нерсеге айландырышы мүмкүн болчу, бирок ал муну жасаган жок. Чынында, мен андан (Президент Эрдоган) Грецияга жана грек элине карата жаман сезимде болгон адамды эч качан көргөн эмесмин».



Тектеш кабарлар