Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруучулугуна карата курал эмбаргосун жоюну бир жылга узартуу чечимин айыптады.

2026718
Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия АКШнын Түштүк Кипр Рум башкаруучулугуна карата курал эмбаргосун жоюну бир жылга узартуу чечимин айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бул маселе боюнча каршы чыгуусун толугу менен колдойбуз.

Акыркы мезгилдерде АКШнын Кипр түрк тарабына каршы аймактагы түрдүү тең салмакты бузуучу кадамдардын, бул өлкөнүн Кипр аралында көптөгөн жылдар сактап келген тарапсыз абалын тебелегендигине жана Кипр маселесине адилеттүү, туруктуу жана улантууга боло турган чечүүчү жолдун табылышына тоскоол болгондугун Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен бирге көп жолу белгилегенибизди эскертүүнү каалайбыз.

Америка Кошмо Штаттарын дагы бир жолу аймактагы ырааттуулукка коркунуч туудурган бул саясаттарды карап чыгууга чакырабыз.

Түркия кепил өлкө катары тарыхый жана укуктук жоопкерчиликтеринин алкагында кипр түрктөрүнүн бар болушун, коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздоону улантат",- деп белгиленди.



Тектеш кабарлар