Сүмела монастырында 10 - сыйынуу

Трабзондун Мачка районунда Карадагдын Алтындере өрөөнүнө караган Сүмела монастырында 10 -  сыйынуу болду.

2024971
Сүмела монастырында 10 -  сыйынуу

Трабзондун Мачка районунда Карадагдын Алтындере өрөөнүнө караган Сүмела монастырында 10 -  сыйынуу болду.

Түркиянын негизги ишеним борборлорунун бири болгон Сүмела монастырында "Мариям эненин көккө чыгуу күнү" деп кабыл алынган жана православдар тарабынан өткөрүлгөн сыйынуу Фенер Рум Патриархы Варфоломейдин жетекчилигинде өткөрүлдү.

Дин кызматкерлери тарабынан дуалар кылынып, диний ырлар аткарылган сыйынууга көп сандаган православдар катышты. 

Сыйынуудан улам Сүмела монастыры жана уранды жерлерде коопсуздук күчтөрү  коопсуздук чараларын көрүштү.

Фенер рум патриархы Варфоломей сөзүндө акыркы  10 жылдан бери монастырда сыйынууну башкаруудан сыймыктангандыгын белгилеп : "Эң башта урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдоганга, бул жерде болуубузга жардам берген ички иштер министрибиз жана урматтуу маданият жана туризм министр министрибиз, урматтуу губернатор мырза жана жергиликтүү башкаруучуларга, полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн алар үчүн да дуа кылдык",- деди. 

 



Тектеш кабарлар